Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. КР Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү системасы боюнча 2025-2026-окуу жылында кайсы класстар окутуларын түшүндүрдү.
Ведомстводон билдиришкендей, Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуевдин айтымында, 2025–2026-окуу жылында 12 жылдык программа боюнча төмөнкү класстар гана окуйт:
- 1-класска барган балдар;
- 2-класска барган балдар;
- 5-класска көчкөн азыркы 3-класстын окуучулары;
- 6-класстын окуучулары 8-класска көчүшөт.
"Жогорудагы төрт гана класс 12 жылдык билим берүү системасы боюнча окутулат», - деди ал.