2024-жылы Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди

Экономика Загрузка... 19 Ноябрь 2025 11:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Борбор Азия чөлкөмдүк экономикалык кызматташтыгынын (БАЭК) алкагында өткөн Кыргызстандын аймактык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү боюнча бизнес-форумда билдирди.

Ал белгилегендей, экономиканын өсүшү төртүнчү жыл катары менен 9 %дан жогору болуп жатат. 2025-жылдын 10 айында ИДПнын өсүү темпи 10,0 %ды түздү, 2024-жылы ИДПнын номиналдык көлөмү 1,5 трлн сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көбөйдү.

“Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн катарына кирди. Өсүштүн негизги драйверлери болуп курулуш, өнөр жай жана тейлөө сектору саналат, алардын өнүгүшү ички суроо-талап, инвестициялар жана масштабдуу инфраструктуралык демилгелер менен колдоого алынууда. Экономикалык активдүүлүктүн жогору болушу экономиканы модернизациялоого, инвестициялык климатты жана атаандаштык чөйрөнү жакшыртууга, ошондой эле мамлекеттик башкаруу тармагында реформаларды жүргүзүүгө багытталган мамлекеттин натыйжалуу чараларына негизделген”, - деди Касымалиев.

Ошондой эле ал экономикага ири инфраструктуралык долбоорлор да олуттуу түрткү бергенин кошумчалады.