2024-жылы Евробиримдиктин өлкөлөрүнө барган туристтердин саны өстү

Дүйнө Загрузка... 06 Март 2025 10:01
WhatsApp Image 2025-03-06 at 06.20.12.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. 2024-жылы Евробиримдиктин өлкөлөрүнө барган туристтердин саны өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Интерфакс Eurostat статистикалык башкармалыгынын маалыматына таянып билдирди.

Евробиримдиктин өлкөлөрүндөгү мейманканаларда 2024-жылы туристтер жалпысынан 3,002 млрд түн болушкан.

Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 2,2%га (65,4 млн) жогорулады.

Чет элдиктердин мейманканаларда түнөгөн күндөрү 67,2 миллионго (+4,9%) көбөйдү. Ал эми Евробиримдиктин жашоочуларында бул көрсөткүч 1,8 миллионго (на 0.1%) кыскарды.

Популярдуу туристтик багыттарга Испания (500 млн түн), Италия (458 млн), Франция (451 млн) жана Германия (441 млн) кирди. Эң эле аз туристтер барган өлкөлөргө Люксембург (3,4 млн), Латвия (4,7 млн) жана Эстония (6,6 млн болду.

Мальтага барган туристтердин саны былтыр 14,4%га көбөйгөн.