Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында 2024-жылы республика боюнча 5 774 гектар аянтка 8 млн 147 миң даана көчөт отургузулган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен маалымдашты.
Министрликтен билдиришкендей, көчөттөргө жүргүзүлгөн күзгү инвентаризациянын жыйынтыгы менен өнүмдүүлүк 83,03 %ды түздү.

"2025-жылы 8,5 млн даана бак-дарак жана бадалдардын көчөтүн отургузуу пландалган. Алдын ала маалымат боюнча, 3 млн 515 миң даана бак-дарактардын көчөтү отургузулду. Учурда алардын эсебин алуу иштери жүргүзүлүп жатат. Быйыл отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү ушул жылдын күз айларында аныкталат”, - деп белгилешти мекемеден.
Ал эми 2022-жылы 4 223 гектар аянтка 6 млн 480 миң даана көчөт отургузулган. Мында көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү 73,3%ды түзгөн. 2023-жылы болсо, 5 077 гектар жерге 7 млн 572 миң даана көчөт отургузулуп, өнүмдүүлүгү 64,35%га жеткен.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматы боюнча, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын илгерилетүү максатында чыккан министрлер кабинетинин тескемесине ылайык, бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, кароо, сактоо жана алардын өнүмдүүлүгү боюнча ишти сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу жагы министрлик жана ведомство жетекчилеринин, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчиликтерине милдеттендендирилген.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине бир катар чараларды көрүү милдеттендирилип, тапшырманын аткарылышын камсыз кылуу ар бир жетекчинин жоопкерчилигинде экендиги эскертилген:
- Буга чейин отургузулган жана мындан ары отургузула турган көчөттөрдүн айланасын тосуу иштерин уюштуруу;
- тамчылатып сугаруу системасын киргизүү боюнча зарыл болгон техникалык жана уюштуруу иштерин жүргүзүү;
- бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көзөмөлдү күчөтүү.
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын сапаттуу жана жеткиликтүү деңгээлде аткарууну камсыз кылуу үчүн төмөндөгү иш-чараларды аткаруу зарыл:
- отургузулган көчөттөрдүн өнүмдүүлүгү төмөн болгон жерлерге кийинки жылы көчөттөр менен толуктоо иштерин жүргүзүү;
- көчөттөрдүн сакталышын камсыз кылуу жана көчөттөрдү малдын жеп кетүүсүнөн сактоо үчүн коруктарды орнотуу;
- көчөттөрдүн өнүмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн сугат иштерин жүргүзүү;
- көчөт отургузуунун технологиясын сактоо жана көчөт отургузуу иштерин өз убагында сапаттуу аткаруу;
- көчөт отургузулуучу аянттарды аныктоо жана алдын ала даярдык иштерин жүргүзүү (сугат суу менен камсыздоо, корук орнотуу, жер семирткичтерди даярдоо ж.б.).
“Жашыл мурас” демилгеси экосистемаларды калыбына келтирүүгө, токой аянтын көбөйтүүгө, таза абага жана коопсуз чөйрөгө болгон укукту коргоого багытталган.