"Кумтөр Голд Компани" толугу менен мамлекеттин менчигине өткөнүнө 23-августта туура 3 жыл болот. 2021-жылы Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилген. 2022-жылы Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, маселе тынчтык жолу менен өлкөнүн пайдасына чечилген. “Кабар” агенттиги “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов менен ишкананын мамлекеттин карамагына өткөндөн берки ишмердүүлүгү тууралуу маек курду.

— "Кумтөр Голд Компани" ишканасы толугу менен мамлекеттик менчикке өткөнүнө саналуу күндөрдөн кийин 3 жыл болот. Ири өндүрүштү Кыргызстан өз алдынча кантип иштетип жатат? Кандай натыйжаларга жетишүүдө?
— "Кумтөр Голд Компанинин" мамлекеттик менчикке өтүшүнө 3 жыл болушу бул компания үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн дагы маанилүү окуя. Президент Садыр Жапаров өзүнүн саясаттагы жолунда дал ушул жалпы улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөрдү элдин энчисине кайтарууга абдан көп аракеттерди жасап, өтө татаал сыноолордон өттү. Акыры анын тайманбастыгы, бекем саясий эрки менен элибиздин улуу мүдөөсү ишке ашырылды. 2021-жылдын 17-майында Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизилип, 2022-жылдын 4-апрелиндеги Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлуп, маселе тынчтык жолу менен өлкөбүздүн пайдасына чечилген. Ал эми 2022-жылдын 23-августунда тарыхий окуя орун алып, Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчиги деп жарыяланды. Ооба, “мындай ири өндүрүштү Кыргызстан өз алдынча иштете алабы?” деген ар кандай күмөн саноолорго чекит коюлуп, бүгүн Кумтөр мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп, эң мыкты натыйжаларга жетишүүдө. Техникалык парк олуттуу жаңыланып, бардык тараптан модернизация, оптимизация иштери жүргүзүлдү. 3 жыл ичинде тагыраагы, 2022-жылдан 2024-жылды кошо алганда, компания 43 тоннадан ашык алтын өндүргөн. Бул убакыттын ичинде компаниянын таза кирешеси 1 млрд доллардан ашып, республикалык бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө бир топ каражаттарды төлөдү. Ошону менен бирге 3 жылда дивиденд түрүндө өлкө казынасына 441 млн ашык доллар которулган.

— Быйыл канча көлөмдө алтын өндүрүү пландалган?
— Алтын өндүрүү иши боюнча кеп кыла турган болсок, жыл аягына чейин коюлган бардык милдеттерди аткарабыз деп ишенебиз. Быйыл дагы былтыр өндүргөн көлөмдүн тегерегинде алтын чыгат, бул 12 тоннадан ашык болот.

— Алтынды сатуудан түшкөн таза киреше, өлкө казынасына которулган салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү кандай болууда?
— Жыйынтыктарыбыз жаман эмес. 2025-жылы алтынды сатуудан тушөт деп пландалган жалпы киришебиз 958 млн АКШ долларынын тегереги, ал эми таза кирешебиз болсо, 282,5 млн доллар болору пландалган. Бул план аткарылат деп турабыз. Мисалы, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 13,3 млрд сомго жетти. Салыштырмалуу былтыр ошол эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн. Ал эми бюджетке болгон салык менен башка милдеттүү төлөмдөрүбүз 2025-жылга 220 млн АКШ доллардын тегерегинде пландалган.

— Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү фонддоруна Кумтөр акча каражатын которот эмеспи. Бул багытта кандай иштер жүрүп жатат?
— Туура айтасыз, “Кумтөр” компаниясы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жылдык дүң кирешесинин 1% өлчөмүндө каражат которот. Бул фонддун каражаттарын башкарууну Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын сунушу менен түзүлгөн байкоочу кеңеш жүргүзөт. Фонддун негизги максаты облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана артыкчылыктуу тармактарды колдоо болуп эсептелет. Нарын облусун өнүктүрүү боюнча “Теңир-Тоо” фонду да "Кумтөр" компаниясынын колдоосу менен иштейт. Компания жылдык дүң кирешесинин 0,6%ын аталган фондго которот. Бул каражаттар аталган облустардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду каржылоого жумшалат. Мисал келтирсек, 2024-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 9 млн 542 миң доллар, “Теңир-Тоо” фондуна 5 млн 725 миң доллар которулган.

— Кумтөрдүн өндүрүштүк көрсөткүчтөрүн жогорулатуу боюнча кандай иштер жасалууда? Учурдагы иштер тууралуу айта кетсеңиз
— Кумтөр кен жайында өндүрүштүк көрсөткүчтөрдү жогорулатуу жана ишти оптималдаштыруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул иштер негизинен өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатууга, чыгымдарды азайтууга жана “Кумтөр” долбоорунун иштөө мөөнөтүн узартууга багытталган. Мисалы, Кумтөр кен жайындагы Балыкчы өткөөл базасындагы май куюучу бекеттер, резервуарлар толугу менен автоматташтырылып, чыгымдалган ар бир литр май онлайн режимде көрүнүп турат. Мындан тышкары, Балыкчыдагы базада күйүүчү майларды сактоочу жаңы резервуарлар курулду. Мурда резервуаларда 12 миң 400 куб метрге чейин май сакталса, азыр бул көлөм 24 миң 400 куб метрге чейин көбөйтүлдү. Буга чейин “Кумтөр” ишканасы жеке менчик мунай компанияларынын май сактоочу резервуарларын ижарага алууга аргасыз болгон жана айына 2 млн 188 миң сом, жылына 26 млн 257 миң сом ижара акысын төлөп келген. Бүгүнкү күнгө чейин компания май сактоо үчүн 87 млн 523 миң сом каражат жумшаган. Жаңы резервуарларды ишке берүү менен Кумтөр күйүүчү майдын стратегиялык запасын жетиштүү көлөмдө сактоо менен айына миллиондогон каражаттарды үнөмдөп калды. Ошондой эле Кумтөр кен жайындагы алтын ылгоо фабрикасында бөлүнүп алынган алтындын көлөмүн көбөйтүү жана реагенттердин керектөөсүн азайтуу максатында эскирген жана натыйжасыз жабдуулар алмаштырылып, сапаттуу реагенттер колдонулууда.

— “Калдык сактоочу жайды кайра иштетүү” долбоору башталган эле. Бул ишти кандай жүрүүдө?
— “Кумтөрдөгү калдык сактоочу жайды кайра иштетүү” долбоору боюнча ушул жылдын июнь айында алгачкы иштер башталды. Долбоор калдык сактоочу жайда топтолгон калдыктардан кошумча алтынды бөлүп алуу максатын көздөйт. Бул долбоордун эң маанилүү компоненти калдыктарды кайра иштетүүчү комплексти куруу болуп саналат. Негизи эле бул долбоор Кыргызстанда эң алгачкы ирет ишке ашырылганы турат. Анын үстүнө бул өтө татаал жана технологиялык жактан оор процесс болгондуктан, бул тармактагы дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен эң алдыңкы, заманбап технологиялар колдонулат. Калдыктарды кайра иштетүү экологиялык тобокелдиктерди азайтууга да багытталган. Процесстин натыйжасында калдыктардын курамы өзгөрүп, аларды жарым кургак жана айлана-чөйрөгө зыянсыз аралашмага айландыруу максаты коюлган. Бул калдык сактоочу жайдын коопсуздугун жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин жакшыртууга жардам берет. Ошондой эле бул долбоор Кумтөр кенинин иштөө мөөнөтүн узартууга чоң салым кошот деп күтүлүүдө. Ал жактагы алтындын запасы жакын арада мамлекеттик баланска коюлат.

— Кумтөрдө алтынды жер астынан казып алуу иши кандай жүрүүдө? Негизи жер астынан казуунун өзгөчөлүгү тууралуу токтолсоңуз
— Кумтөр кенинде алтынды жер астынан казып алуу долбоору 2024-жылдын февраль айында расмий түрдө башталган. Бул долбоор кендин иштөө мөөнөтүн узартуу жана запастарды максималдуу пайдалануу максатында ишке ашырылууда. Алдын ала техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыктарына ылайык, бул долбоор кирешелүү деп бааланган. “Кумтөр Голд Компанинин” геологиялык кызматы тарабынан жер астындагы алтындын корун чалгындоо, тактоо боюнча иштер тынымсыз уланып, учурда ал жактагы алтындын кору 148 тоннага чейин жеткени такталып, пайдалуу кендердин кору боюнча комиссиянын экспертизасынан өтүп, мамлекеттик баланска коюлган. Өткөн жылы компаниянын тоо-кенчилери жер астын көздөй 460 метр көзөп өтүүгө жетишишти, бул жылы дагы 3700 метрге тереңдетүү пландалууда, бүгүнкү күнгө карата жалпы 1231 метр казылды. Бул татаал иш, бирок толугу менен аткарыла турган милдет. Эгер баары план боюнча кетсе, алтынды жер астынан казып алуу долбоорунун алкагындагы алгачкы алтынды ушул жылы ала баштайбыз.

— Кумтөрдүн ири долбоорлорунун бири болгон Тоголок алтын кенинде кандай иштер аткарылууда?
— Учурда “Тоголок” долбоорун ишке ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Кен 1978-жылы ачылган. 2 жыл ичинде Тоголок кенинде кошумча геологиялык чалгындоо иштери жасалып, 20 тоннага жакын алтындын запасы мамлекеттик баланска коюлду. Азыр кенге баруучу жолдорду кеңейтүү үчүн технологиялык жолдун курулушу боюнча изилдөө иштери жасалып жатат. Кайчы дарыясынан өтүүчү көпүрө салынып бүтөйүн деп калды. Жумушчулар лагерине заманбап модулдук үйлөр орнотулду. Алтын ылгоочу фабриканын курулушу боюнча да даярдык иштери кызуу уланууда. Айтоор бардык иштер белгиленген план боюнча жасалып жатат. Ал эми Жангарт аянтындагы геологиялык чалгындоо долбоору 2 жылга ылайыкталган. Жалпысынан 16 миң 360 метр бургулоо пландалган. Ушул жылдын соңуна чейин бардык геологиялык чалгындоо жумуштарын жыйынтыктайбыз.

— Жыл сайын жогорку окуу жайлардын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү өтчү “Кумтөр” ишканасындагы такшалма программаларынын артыкчылыктары кандай?
— Кумтөр жаш кадрларды өстүрүүгө өзгөчө маани берип жатат. Жогорку окуу жайлардын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн такшалма жана практика программаларын жыл сайын өткөрүлөт. Бул программалар жаштарга тоо-кен тармагында кесиптик тажрыйба топтоого, жөндөмдүүлүктү өнүктүрүүгө жана келечектеги карьерасына бекем пайдубал түптөөгө жардам берип келет. Баса белгилей кетсек, компанияда программалардын катышуучуларына айлык акы төлөнөт. Бул алардын айрым материалдык чыгымдарын жаап, иштөөгө болгон мотивациясын жогорулатат. Кумтөр өлкөбүздүн тоо-кен өнөр жайынын флагманы катары жаш адистерди өстүрүүнү өзүнүн эң башкы милдети деп эсептейт. Ошондой эле кенде түзүлгөн өндүрүштүн маданиятын башка ишканаларга жеткирүүнү туура көрөт. Азыр Кумтөр өлкөбүздүн тоо-кенчи кадрларын даярдаган, таланттуу жаштарды таптаган жайга айланды десем болот. Бул ийгиликтердин баары алтын кендин Кыргызстандын толук көзөмөлүнө өтүп, элибиздин жаркын келечеги үчүн жасалган тарыхый, маанилүү кадамдын болгондугунун далили.