20 миңден ашык жаранга Royal Central Park комплексинен батир берүү мерчемделүүдө

Коом 2628 15 Март 2025 20:05
03c52a26-cba5-447d-b990-f7c5a59e00f0.jpeg
159b8551-5292-4fb6-bad6-5b7e7df3d0ae.jpeg
54d51a45-1f9f-4c6f-a4a1-e45b23a02855.jpeg
19f7712d-b4d1-4b25-942a-d9749d7d10ce.jpeg
Алдыга
Артка
03c52a26-cba5-447d-b990-f7c5a59e00f0.jpeg
159b8551-5292-4fb6-bad6-5b7e7df3d0ae.jpeg
54d51a45-1f9f-4c6f-a4a1-e45b23a02855.jpeg
19f7712d-b4d1-4b25-942a-d9749d7d10ce.jpeg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.03.25. /Кабар/. Бишкекте 20 миңден ашык жаранга Royal Central Park комплексинен батир берүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 60 миң кишиге ылайыкталган жаңы шаарчанын курулушуна мезгил кутучасын салуу иш-чарасында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Бишкек шаарын, ошондой эле Кыргызстандын бардык аймактарын өнүктүрүүгө, айрыкча, турак жай маселесин чечүүгө аракеттер көрүлүп келе жатат.

“Кезекке турган миңдеген жарандарыбыз Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу четинен ак өргөлүү болушууда. Буюрса, бүгүн сөз кылып жаткан шаарчадан дагы 20 миңден ашык жараныбызга үй берүүнү мерчемдеп жатабыз.

Ошону менен катар аталган комплекстин курулушунда жарандар жаңы жумуш орундары менен камсыз болот. Мындан сырткары, шаар тургундары жана инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөр жаралып, ишкерликти өнүктүрүү сыяктуу экономиканы түрдүү тармактарын көтөрүүгө жол ачылат”, - деди өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарындагы мурда "Ак-Кула" ат майданы жайгашкан жерде Royal Central Park көп функционалдуу комплексин курууга мезгил кутусу салынды.