Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы бүгүн, 17-ноябрга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9...+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Талас облусунда +8...+13, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын облусунда +3...+8 градус болушу күтүлөт.
Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +10...+12 градуска жетет.