17 миңден ашык калкы бар Сумбула аймагынын көйгөйлөрү көтөрүлдү

Аймак 19 Июнь 2026 16:55
725838502_1548140056679444_6355667011046546079_n.jpg
725205170_1548140130012770_3639726449438556739_n.jpg
726704306_1548139996679450_3219554385004103459_n.jpg
726988941_1548140120012771_6010965899501835812_n.jpg
725560106_1548139960012787_3167836314701008492_n.jpg
726576402_1548140063346110_2693042954299490532_n.jpg
726367151_1548139966679453_2777837483137222566_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Сумбула айыл аймагынын эли менен жолугушту

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү көтөрүп, бир катар сунуш-пикирлерин билдиришти.

Тактап айтканда, сугат суу менен камсыздоону жакшыртуу, маршруттук каттамдардын санын көбөйтүү, баалардын кымбатташына байланыштуу маселелер, тазалык ишканасын атайын техникалар менен камсыздоо, жаңы бала бакча куруу, балдар үчүн оюн аянтчаларын уюштуруу, айылдагы топоз чарбасына байланыштуу маселелери айтылды.

Мындан сырткары, айылдардагы мыйзамсыз курулуштарды жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жаштарды жумуш менен камсыздоо, ички жолдорду оңдоо, футбол аянтчасын куруу, эскирген электр мамычаларын жаңылоо жана жеке кайрылуулар боюнча маселелер көтөрүлдү.

Мамыржан Рахимов ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырмаларды берип, мыйзам чегинде жана мүмкүнчүлүккө жараша чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгиледи.

Жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышып, жарандардын суроолоруна тиешелүү жооптор берилди.

Жолугушууга 250дөй жаран катышып, 30жаран ар кандай маселелер менен кайрылды.

Сумбула айыл аймагынын курамына Андарак, Искра, Сары-Дөбө жана Көк-Таш айылдары кирет. Айыл аймагынын жалпы калкынын саны 17 419 адамды түзөт.