160 дыйкан калемпир, капуста, малина өндүрүү боюнча окуудан өттү

Коом 15 сентябрь 2026 11:40
orig.webp
811304409_1055673087335905_2680254313671433480_n.jpg
811056625_983126797617090_1501945055655502716_n.jpg
810813593_1098383002706208_932424064119746056_n.jpg
811170661_1618099749907717_4343843958605211327_n.jpg
Алдыга
Артка
orig.webp
811304409_1055673087335905_2680254313671433480_n.jpg
811056625_983126797617090_1501945055655502716_n.jpg
810813593_1098383002706208_932424064119746056_n.jpg
811170661_1618099749907717_4343843958605211327_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы директору Лим Соён менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, анда "Кыргыз Республикасында түшүм жыйналгандан кийинки башкаруу системасын түзүүнү колдоо аркылуу айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырын чыңдоо" долбоорунун 2024–2027-жылдардагы ишке ашырылышы талкууланды.

Долбоордун алкагында таттуу калемпир, капуста, малина жана кулпунай өндүрүү боюнча 160 дыйкан окуудан өтүп, 20 эксперт даярдалууда. Ошондой эле соода-логистикалык борборду куруу үчүн жер тилкеси аныкталып, курулуш иштерин баштоо пландалууда.

Тараптар айыл чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү, таңгактоо жана логистика тармагындагы инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине көңүл бурушту.

Рысгүл Акимжанова долбоор айыл чарба продукцияларынын жоготууларын азайтууга, сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле экспорттук потенциалды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты улантууга макулдашышты.