Бишкек 20.06.25 /Кабар/. Cybernews изилдөөчүлөрү Telegram, Apple, Google, Facebook, GitHub, VPN-сервистер жана мамлекеттик платформаларга тиешелүү өтө көп сандаган (16 млрд) логин жана сырсөздөр тарап кеткенин маалымдашты. Бул тууралуу Cybernews басылмасына шилтеме берүү менен РБК жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, буга чейин мынчалык көлөмдөгү маалымат бир учурда тарап кеткен учур каттала элек болчу. База болжол менен инфостилер-программалар аркылуу топтолуп, мурда жарыяланбаган жаңы эсеп жазууларын да камтыйт.
Изилдөөчүлөр бул маалымат массалык түрдө колдонууга ылайыкталып, курал катары пайдаланылып, аккаунттарды бузууга жол ачышы мүмкүн экендигин эскертишет.
Киберкоопсуздук боюнча адистер бардык сырсөздөрдү алмаштырууну, сырсөз менеджерлерин колдонууну жана көп фактордуу аутентификацияны иштетүүнү сунушташат. Ошондой эле почта, банк жана мамлекеттик кызматтарга байланышкан аккаунттарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгы белгиленет.