Бишкек, 11.03.26. /Кабар/. Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында “Стилекс” ЖЧКсынын ишканасына барды. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, компания алюминий профилдерин жана куйма продукциясын чыгарууга багытталган заводду пайдаланууга берди.
Долбоордун алкагында жалпы аянты 10 миң 800 чарчы метр болгон заманбап өндүрүш комплекси түзүлгөн: куйма жана пресс цехтери, боёо линиясы, чийки зат жана даяр продукция кампалары, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, административдик-тиричилик корпусу жана логистикалык аянтчалар бар.
Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 1 400–1 500 тонна алюминий куймасын жана болжол менен 1 000–1 300 тонна алюминий продукциясын чыгарууга мүмкүндүк берет. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырууга жалпысынан болжол менен 15 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция тартылган.
Долбоорду ишке ашырууда мамлекеттик колдоого өзгөчө көңүл бурулган. Атап айтканда, өндүрүштүк жабдууларды импорттоодо бажы алымдары боюнча жеңилдиктер колдонулган. Мунун натыйжасында ишкана өндүрүштү ыкчам ишке киргизип, заманбап өндүрүш инфраструктурасын түзө алды.
“Бүгүн инвестициялык долбоордун ишке ашырылышынын реалдуу жыйынтыктарын көрүүгө болот. Ишкана өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизип, кубаттуулугун кеңейтүүдө. Мындай долбоорлор өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын заманбап индустриалдык базасын калыптандырууга өбөлгө түзөт”, - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.
Компания алдыда долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну пландоодо. Анда кошумча өндүрүш линиясы ишке киргизилип, өндүрүш көлөмүн кыйла көбөйтүү, продукциянын түрлөрүн кеңейтүү жана ишкананын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга шарт түзүлөт.