1,4 млн сом зыян келтирген. Ак-Суу суу чарбасынын мурдагы башчысы кармалды

Укук тартиби Загрузка... 03 Февраль 2026 13:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун суу чарба башкармалыгынын жетекчилеринин бири кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Ак-Суу суу чарбасынын мурдагы башчысы мамлекеттик экскаваторду 7 жыл бою мыйзамсыз ижарага берип, пайда көргөнү аныкталды. Жалпысынан 625 миң сомду түзгөн ижара каражаттары чарбанын эсебине которулган эмес, анын ордуна О.С.М. тарабынан менчиктелип алынган.

Мындан тышкары, үчүнчү тараптардын көп жана мыйзамсыз колдонуусунан улам экскаватор учурда иштебей турат жана колдонууга жараксыз. Баалоо боюнча, экскаватордун базар баасы 800 миң сомду түзөт.

Ошентип, О.С.М. мамлекетке келтирген жалпы зыян 1 млн 425 миң сомду түздү.

Мындан улам О.С.М. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат.