13-округдан шайланып келген үч депутат “Мекенчил” тобуна кирди

Жогорку Кеңеш Загрузка... 18 Февраль 2026 13:35
634745556_1246144404273861_8168847304218954145_n.jpg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. №13 округдан шайланып келген үч депутат – Айбек Алтынбеков, Талант Мамытов, Айгүл Карабекова “Мекенчил” тобуна киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Айбек Алтынбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 8-чакырылышында 5 депутаттык топ түзүлгөн:

  • “Адилет Кыргызстан”,
  • “Ала-Тоо”,
  • “Ата-Журт”,
  • “Мекенчил”,
  • “Элдик”.

Эл өкүлдөрү Элвира Сурабалдиева, Эрулан Кокулов, Болот Ибрагимов депутаттык топтордун курамына кирген эмес.