13-мартта борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү токтотулат

Коом Загрузка... 10 Март 2025 09:50
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. 13-мартта борбор калаанын айрым райондорунда суу берүү токтотулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 13-мартта саат 9.00дөн 18:00гө чейин Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү -  темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле  Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат.
Суу «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.