Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Чүй облусунун аймагында саат 12:00гө карата шайлоочулардын 10,3 пайызы же 64 миң 809 жаран добуш берди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусу боюнча 369 шайлоо тилкеси жана 6 округ бар. Жалпы облус боюнча жалпы 627 миң 533 шайлоочу катталган.
Буга чейин Чүй облусунда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча добуш берүү уюшкандыкта жана бардык шайлоо мыйзамдарында каралган тартиптерди сактоо менен тынч абалда өтүп жатканы кабарланган.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.