Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Бүгүн Чүй облусунда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча добуш берүү уюшкандыкта жана бардык шайлоо мыйзамдарында каралган тартиптерди сактоо менен тынч абалда өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, облустун бардык шайлоо тилкелери саат 8:00дө ачылып, кадимки тартипте иш алып барууда.
“Бүгүн саат 8:00дөн тартып Чүй облусунун аймактарынын тургундары конституциялык укуктарын колдонуу үчүн өз шайлоо тилкелерине активдүү келишүүдө. Участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматы боюнча добуш берүүнүн жүрүшүнө таасир тийгизе турган мыйзам бузуулар катталган жок. Комиссиялар үзгүлтүксүз иштеп, процесстин бардык этаптарынын ачык-айкындуулугун камсыз кылышууда.
Коомдук тартипти камсыздоо үчүн милиция кызматкерлери тартылган. Суткалык нөөмөт уюштурулуп, шайлоочулардын жана комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугу камсыздалган. Шайлоо участоктордо байкоочулар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана ыйгарым укуктуу адамдар бар”,- деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жарандардын шайлоого катышуудагы жогорку активдүүлүгүн белгилешкендиги кабарланган.
Белгилей кетсек, Чүй облусунда 369 шайлоо участогу жана 6 округ бар.