Кыргызстанда алдыда өтө турган президенттик шайлоого чет өлкөлөрдөгү жарандардын катышуусун камсыздоо үчүн 33 мамлекетте 74 шайлоо участогу түзүлдү. Добуш берүү күнүнө чейин алардын санын дагы көбөйтүү пландалууда. Шайлоочулар өлкө ичинде же чет мамлекетте жүргөнүнө карабастан, өздөрүнө ыңгайлуу шайлоо участогунан добуш бере алышат.
Өлкөдө 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого карата чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогу түзүлгөнүн бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалымдалгандай, мындай чечим шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн жарандарыбыздын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынып, учурда шайлоо тилкелерин ачуу иштери уланууда.

"Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат”,- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Россияда 20 шайлоо участогу, Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды. Кореяда жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштесе, Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.
Калган 23 шайлоо тилкеси башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларуссия, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда уюштурулду. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.
Буга чейин шайлоо тилкелеринде сыноо иретинде добуш берүү иш-чарасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жарандар “Түндүк” тиркемеси, ID-карта же жалпы жарандык паспорттун бири менен өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү каалаган шайлоо тилкесине барып добуш бере алышаарын маалымдаган.

“Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелерин ачуу маселеси Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте иштелип чыгууда. Учурда элчиликтердин, консулдуктардын жана башка өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жерлери талданып, шайлоо тилкелерин ачуу каралууда. Мындан тышкары, жергиликтүү бийлик менен макулдашуу аркылуу ири соода борборлорунда жана базарларда да добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүлөт. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар добуш берүү үчүн алдын ала консулдук каттоого турууга же башка шайлоо тилкесинде добуш берери тууралуу эскертүүгө милдеттүү эмес. Шайлоо күнү тилкелердеги жарандардын агымы онлайн режимде көзөмөлдөнөт. Эгер кайсы бир жерде шайлоочулар көп топтолуп, кезек жаралса, кошумча жабдуулар орнотулуп, операторлор тартылат”,- деп белгилеген БШК төрагасы.

Чет өлкөдө добуш бере турган жарандар үчүн биометрикалык каттоодон өтүү талап кылынаарын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тимур Оторбаев билдирген.
“Негизи шайлоого катышуу үчүн бирден-бир талаптардын бири бул милдеттүү түрдө биометрикалык идентификациядан өтүү. Биометрикалык идентификациясыз алар “Түндүктүн” базасынан, жарандардын базасынан чыкпайт. Жеке маалыматтары чыкпагандыктан, алар шайлоого катыша алышпайт. Биометрикалык идентификация QR-код менен автоматтык түрдө маалыматты окуу түзүлүшү “Бир жаран – бир добуш” дегенди билдирет. Чет мамлекеттерде жашаган жарандарыбыздын шайлоого катышуусу үчүн ар бир шайлоо тилкесине керектүү жабдыктарды, биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү техникаларды жеткирип беребиз. Ар бир өлкөдө жергиликтүү байланыш операторлору менен келишим түзүп, алар аркылуу интернет менен камсыздап, биометрикалык идентификацияны жасап беребиз. Белгилей кетсек, президенттик шайлоо болгондуктан, өлкөдө жана чет мамлекеттерде да бирдиктүү шайлоо округу болот. Бирдиктүү шайлоо округдун ичинде талапкерлердин тизмеси болуп, жарандар каалаган талапкерине добуш берүүгө укуктуу”,- деди Оторбаев.

Ал ошондой эле жарандар жашаган жерине карабастан, өлкө ичинде же чет мамлекетте өздөрүнө жакын жайгашкан шайлоо участогунан добуш бере алышаарын айтты.
"Шайлоочуга өлкө ичинде же чет мамлекетте жүргөнүнө карабастан, каалаган шайлоо участогунан добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилет. Ар бир жарандын өз укугу кааласа өзүнүн тилкесине барып добуш берсе болот. Эгер кандайдыр бир иш сапарларда башка аймактарда болуп калса, ошол жактагы эң жакын жердеги шайлоо тилкесине кирип өз добушун берсе болот. Андан башка чет өлкөлөрдө иш сапарда, миграцияда жүргөн биздин жарандар жакынкы консулдуктарда, элчиликтерде ачылган шайлоо тилкелеринде добуш бере алышат. Чет өлкөдө жүргөн жарандарга маалымат катары айта кетсем, кыргыз жарандары көп жашаган жерлерде шайлоо тилкелери ачылат”, - деди ал.
Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар үчүн шайлоого катышуу — жөн гана добуш берүү эмес, өлкөнүн жана балдарынын келечегине кайдыгер карабаганын билдирген жарандык жоопкерчилик экендигин Москва шаарындагы "Мурас" коомдук бирикмесинин жетекчиси Алима Султанбаева “Кабар” агенттигине билдирди.
“Ар бир жаран кайсы мамлекетте жашабасын Кыргызстандын өнүгүшүнө өз добушун берүү аркылуу салым кошо алат. Чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын арасында шайлоого кайдыгер карабагандар көп. Бирок айрымдары "мен барбасам деле шайлоо өтөт" деген пикирде. Бул туура эмес. Кыргызстандын жараны катары ар бирибиз шайлоого катышып, жарандык милдетибизди аткарышыбыз керек. Анткени биз өзүбүздүн жана балдарыбыздын келечеги үчүн добуш беребиз. Баарыбыздын тилегибиз — өлкөдө жакшы жашоо шарттары түзүлүп, миграцияда жүргөн жарандарыбыз мекенине кайтып, үй-бүлөсү менен жашаса деген үмүт. Кыргызстандан алыс жүрсөк да, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабай, ар бирибиз жарандык милдетибизди аткарышыбыз керек", - деди Москва шаарындагы "Мурас" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Алима Султанбаева.

Белгилей кетсек, БШКнын маалыматына ылайык, 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу үчүн 11 адам талапкерлигин көрсөткөн. Учурда талапкерлерди колдогон электрондук кол тамгаларды чогултуу жана каттоо үчүн зарыл документтерди кабыл алуу иштери уланууда.
Ар бир талапкер 8-декабрга чейин кеминде 30 миң шайлоочунун электрондук кол тамгасын топтошу керек. Ал эми каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 13-декабрда аяктаары айтылган. Президенттикке талапкерлерди расмий каттоо 23-декабрга чейин жүргүзүлөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрында башталып, 2027-жылдын 26-январында саат 08:00дө токтотулат. Өлкө президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында саат 08:00дөн 20:00гө чейин өтмөкчү. Чет өлкөлөрдө түзүлгөн шайлоо участокторунда добуш берүү 27-январда ошол мамлекеттин жергиликтүү убактысы боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүргүзүлөт.