БШК президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо тилкесин түздү

Шайлоо
БШК президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө 74 шайлоо тилкесин түздү
copyright icon БШКнын маалымат кызматы

Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого карата 33 өлкөдө алгачкы 74 шайлоо тилкесин түздү.

БШКнын маалыматына ылайык, тилкелер төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Россияда — 20;
  • Түркия менен Казакстанда — 6дан;
  • АКШда — 5;
  • Түштүк Корея менен Италияда — 3төн;
  • Өзбекстан, Германия, Кытай жана Бириккен Араб Эмираттарында — 2ден.

Калган 23 шайлоо тилкеси Австрия, Чехия, Словакия, Польша, Улуу Британия, Беларусь, Литва, Венгрия, Бельгия, Франция, Швейцария, Сауд Арабиясы, Кувейт, Катар, Египет, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан, Малайзия, Пакистан, Индия, Япония жана Монголияда жайгашат.

Кошумча тилкелерди ачуу иштери уланууда, алардын даректери БШКнын расмий сайтында жарыяланат.