1200 ата алимент төлөбөйт: Депутаттар жазаны катаалдаштырууну сунуштады

Жогорку Кеңеш Загрузка... 26 Февраль 2026 12:45
2021-04-06_14-41-57.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.02.26. /Кабар/. Республика боюнча бүгүнкү күндө 1200 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы алимент өндүрүү боюнча 60 миң аткаруу баракчасы келип түшкөн.

Депутат Ырысбек Атажанов бул көрсөткүч ажырашкан үй-бүлөлөрдүн санына барабар экенин белгиледи.

"Бул абдан чоң көрсөткүч. Мындайга жол бербөө үчүн ажырашуулардын механизмдерин иштеп чыгышыбыз керек. Өз баласын бакпаган ар бир эркек сыйга татыктуу эмес, биз жазаны катаалдаштырышыбыз зарыл", — деди эл өкүлү.