12 жылдык окутуу билим берүүнүн сапатын жогорулатат - Догдуркүл Кендирбаева

Интервью Загрузка... 07 Март 2025 14:14
WhatsApp Image 2025-03-07 at 11.23.45.jpeg
copyright icon WWW

Учурда 12 жылдык берүү системасына өтүү коомчулукта талкуу жаратууда. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги бир катар суроолор менен билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага кайрылып, жооп алды.

- Саламатсызбы Догдүркүл Шаршеевна, 12 жылдык билим берүү тутумуна өтүү маселеси коомчулукта кызуу талкууланууда. 12 жылдыкка өтүү зарылдыгы эмнеден улам келип чыгууда? Бул биздин билим берүүгө кандай артыкчылыкты берет?

-Биринчиден бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндөгү 193 мамлекеттин ичинен 150 мамлекет 12 класстык билим берүү системасында окутуп жатышат. Өнүккөн өлкөлөрдүн баары Европа дейбизби, Азия дейбизби эчак эле 12 класстык билим берүү системасына өтүшкөн.

Мындан тышкары окуучулардын мектептен алган билимин иш жүзүндө пайдалана алуусун изилдеген PISA иликтөөсүнө эки жолу катышып Кыргызстан эң акыркы орунду алды. Башкача айтканда, кайсыл өлкөнүн окуучулары эмгек рыногуна жарайт дегенде акыркы орунду алып жатабыз. Окуучуларыбыздын сабактарды кайталама, жаттама көндүмдөрү учурдун талабына жооп бербей турганын көрсөттү.

Дүйнө жүзүндө технологиялар болуп көрбөгөндөй ыкчам өнүгүүдө. Ар бир окуучу үйүндө отуруп алып кошумча билим ала турган шарттар пайда болду. Мындай шарттарда биздин өлкөнүн билим берүүсү учур талабына жооп береби деген суроонун пайда болушу жана ага жараша дүйнө коомчулугунун мыкты делген тажрыйбасын өзүбүзгө алып келүү кадыресе көрүнүш.

Биздин бүтүрүүчүлөр чет өлкөлөргө барып, жогорку окуу жайына тапшырса биринчи курска алышпайт. Бир эки жыл даярдоо курсун окутушат. Жөнөкөй тил менен айтканда бизде окубай калган 12-класстын программасын окутушуп андан кийин биринчи курска алышат.

Экинчиден 12 класс десе эле балдардын окуу мөөнөтү бир жылга узарып жатат деп түшүнбөш керек. Азыр деле жалпылап айтканда 12 жыл. 0-класс дейбизби же бала бакчалардан деле даярдоо курсун окутуп жатпайбызбы. Ушул эле нөлүнчү класс дегенди биринчи класс деп өзгөртүп жатабыз. Ошондо азыр 11-класс дегенибиз 12-класс болуп өзгөрүп калат. Балдарыбыз ашыкча бир жыл окуйт экен деген түшүнүк туура эмес.

Окутуунун мазмуну өзгөрөт. Заман талабына жараша жаңы муундагы окуу китептери болот. Окуучуларга билим берүү методикасы өзгөрөт. Жаттама билимден пайдаланма билимге өтөбүз.

- Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алган экенсиздер да?

-Ооба. Дүйнөлүк тажрыйбаны жана бүгүнкү күндөгү эл аралык стандарттарды эске алдык. Биздин бүтүрүүчүлөр 2028-жылдан баштап дүйнөнүн кайсы өлкөсүнө барып ЖОЖдорго тапшырбасын дароо эле биринчи курска кабыл алынышат.

- Демек, балдарыбыз мектепке өтө эрте барып кыйналат, дагы бир жыл узак окуйт деген жаңылыш пикир экен да?

-Ооба. Бул жаңылыш пикир. Бүгүнкү күндө бала бакчалардан жана башталгыч класстардан окутуп жаткан сабактарды биринчи класска өткөрөбүз. Ошондо азыркы 11-класс деген сөз 12-класс менен алмашып калат. Бир жыл узак окуйт деген жаңылыш пикир.

Кесипке эрте багыт берүүгө мүмкүнчүлүк болот. Мектеп билим берүү системасы оңолмоюнча жогорку окуу жайлар уланбайт.

Ошондой эле мурункудай эле 12 жыл бою окубайм дегендер үчүн кесиптик техникалык билим алуу мүмкүнчүлүктөрү калат.

- Мугалимдер жана окуу класстары жетиштүү элеби?

-Мугалимдер жетиштүү эле болот. Окуу жылы башталгыча даярдап бүтөбүз. Ал эми окуу класстары болсо буга чейин деле көйгөй болуп келген жана болот. Бул проблемага өкмөт жардам беребиз деп жатышат. Өкмөттөн колдоо болуп турса эле биз бул ишти этап-этабы менен аягына чейин ийгиликтүү ишке ашырабыз.

Жыйынтыктап айтсам 12 жылдык билим берүү сандан сапатка. Бул аракеттердин бардыгы билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталууда.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директорунун орун басары Халида Эргешева