12 жылдык билим берүүгө мугалимдерди окутуу үзгүлтүксүз жүргүзүлөт - Токтомаметов

Билим Загрузка... 07 Март 2025 15:45
WhatsApp Image 2025-03-07 at 11.39.29.jpeg
copyright icon Кабар Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. 12 жылдык билим берүүгө мугалимдерди окутуу үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.

Анын айтымында, жаңы программага өтүп жаткан класттардын мугалимдери эми мурдагы программа менен билим алышпайт.

“Жаңы окуу жылы башталганга чейин мугалимдерди жаңы программа менен окутабыз. Башында окутуу оффлайн форматта башталып, андан соң окуу жылы ичиндеги каникул учурунда алардын окуусу онлайн форматта улантылат. Мугалимдердин тынчсыздануусуна эч кандай негиз жок”,-деди ал.

Ал белгилегендей, мугалимдерди жалпы окутуу программасынын бир курсу 72 сааттан турат.

“Бирок 72 сааттык курсту өттү болду деп окууну токтотуу туура эмес. Мугалим өз өз каалоосу менен окууну андан ары улантса болот”,-деди ал.