12 жылдык билим берүү: Баткен облусунда чоң форум өттү

Аймак 12 Июнь 2026 12:10
723067356_1542189593941157_1541086648476697741_n.jpg
719127560_1542191513940965_2206162547205470125_n.jpg
719873775_1542191523940964_4674394716998677303_n.jpg
720206201_1542191363940980_6267072554262547993_n.jpg
720259043_1542191370607646_7605863876185081978_n.jpg
720378004_1542191423940974_134312081883718984_n.jpg
721995391_1542191477274302_9188663204874471315_n.jpg
722635966_1542191430607640_550297560227582422_n.jpg
722858026_1542191473940969_2961139409282313948_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусунда билим берүү тармагындагы жаңы реформаларды коомчулукка түшүндүрүү максатында "Доор өзгөрткөн билим" аттуу масштабдуу форум өттү.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, форумдун башкы темасы мектептердин 12 жылдык окутуу тутумуна өтүшү жана анын артыкчылыктары болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөдө жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформаларынын негизги багыттары, 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн максаттары жана артыкчылыктары, окуу программаларын жаңылоо, билим берүүнү санариптештирүү жана билим сапатын жогорулатуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берилди.

Форумдун алкагында катышуучулар билим берүү тармагындагы өзгөрүүлөр боюнча пикир алышып, ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооптор берилди. Ошондой эле жаңы форматтагы билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана келечектеги артыкчылыктары боюнча маалыматтык презентациялар сунушталды.

"Доор өзгөрткөн билим" форуму билим берүү реформаларынын маңызын коомчулукка жеткирүүгө, ата-энелер менен билим берүү кызматкерлеринин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө жана реформаларды ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган маанилүү аянтча болду.

Белгилей кетсек, форумга агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов, мугалимдер жана ата-энелер катышты.