Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. 12-мартта Сауд Аравияда АКШ менен Украинанын өкүлдөрү жолугат.
ТАСС маалымдагандай, эки өлкөнүн аткаминерлеринин жолугушуусун өткөрүү боюнча макулдашууга күн мурун жетишилген.
Эр-Рияддагы жолугушууга АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио, АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жана улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майк Уолтц барары айтылууда.
Украинанын делегациясынын курамына Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчиси Андрей Ермак да киргени белгиленди.