1961-жылдын 12-апрели адамзат тарыхында унутулгус күн болуп калды. Дал ушул күнү Юрий Гагарин биринчилерден болуп космоско жол ачкан. Бул окуя илим менен техниканын зор мүмкүнчүлүгүн далилдеп гана тим болбостон, бүтүндөй дүйнө элдерин бириктирген чоң жетишкендикке айланды. Бүгүнкү күндө бул тарыхый учур жөн гана эскерилип тим болбостон, жаш муунга үлгү, дем-күч берип келет.
Алгач тарыхка кайрыла кетсек, 1961-жылы 12-апрелде Юрий Гагарин советтик “Восток-1” космос кемеси менен орбитаны айланып, аман-эсен жерге конгон. 2011-жылы советтик космонавт Юрий Гагариндин космоско учкандыгынын 50 жылдыгына карата БУУнун Башкы жыйыны 12-апрелди Адамзаттын космоско учуу күнү деп жарыялаган.
Совет мезгилинде биздин өлкөдө космостук аппараттардын эң керектүү тетиктери жана жабдуулары жасалган.
Советтик космостук программанын өнүгүшүнө салым кошкон мекендештер

1960-жылы СССРдин биринчи космонавттар отряды түзүлүп, ага 20 талапкер кирген. Алардын арасында Жалал-Абад шаарынын тургундары – Валентин Варламов жана Марс Рафиков болгон. Алар космоско учпаса да, советтик космостук программанын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, космонавттарды даярдоодо көп жылдар бою эмгектенишкен.
Космоско учкан алгачкы кыргызстандык

Кыргызстандан космос мейкиндигине алгачкылардан болуп Салижан Шарипов учкан. Ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылып, кыргыз эли өзгөчө сый-урмат көрсөтүп келет.
Бишкектик космонавт - Сергей Корсаков
Ошондой эле балалык күндөрү Кыргызстанда өткөн дагы бир сыноочу-космонавт Сергей Корсаков өзгөчө сыйга татыктуу. Ал 1984-жылы Фрунзе шаарында төрөлүп, борбор калаадагы №24 А.Токомбаев атындагы мектепте окуган.

Сергей Корсаков убагында "Союз МС-21" космос кемесинин бортунан кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү, бишкектиктерди Шаар күнү менен куттуктаганы менен эсте калган. 2023-жылы Эл аралык космонавтика күнүндө президент Садыр Жапаров космонавт Сергей Корсаков менен жолугушканы белгилүү.

Жыл сайын 12-апрелге карата окуучуларга арналган иш-чаралар өткөрүлүп келет. Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында 7-апрелден тартып, биринчи космонавт Юрий Гагариндин космоско учуусунун 65 жылдыгына арналган декада өттү.

Маселен, №25 жалпы билим берүү мектебинде Космонавтика күнүнө арналган иш-чарага ардактуу конок — Кыргызстандын биринчи космонавты, КР Баатыры жана РФ Баатыры Салижан Шарипов келди. Шарипов окуучуларга космоско учуулар жана Кыргызстандын космонавтикасынын өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берип, Космонавтика күнү менен куттуктады.

"Кыргыз спутник"
Учурда өлкөдөгү жаратылыш ресурстарын башкарууда космостук технологияларды колдонуу багытында "Кыргыз спутник" ААКсын түзүү токтому кабыл алынды. Каракол шаарында түзүлө турган бул инфраструктура жерди пайдалануу, экологиялык мониторинг, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, пайдалуу кендерди чалгындоо жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда чечимдерди так жана ыкчам кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Бул аракеттер дүйнө өлкөлөрүнөн калышпай, Кыргызстан өзүнүн космостук компетенциясын калыптандырууга жана технологиялык көз карандысыздыгын бекемдөөгө аракет кылып жатканын айгинелейт.