11 айда кайра иштетүү өнөр жайы жогорку өсүштү көрсөттү

Экономика Загрузка... 03 Январь 2026 16:45
WhatsApp Image 2026-01-03 at 16.24.20.jpeg
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 03.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын январь–ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайы тармагында жогорку өсүш катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кайра иштетүү өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү 94 млрд 230 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15 млрд 31 млн сомго көп.

Ошону менен катар, физикалык көлөмдүн индекси 127,8 пайызды түзүп, кайра иштетүү өнөр жайында туруктуу жана ыкчам өнүгүү темпи камсыздалганын көрсөттү.

Жалпысынан тармак өлкө экономикасынын, анын ичинде ички дүң продукциянын (ИДП) өсүшүнө олуттуу салым кошкон негизги секторлордун бири болуп калды.