Техаста аскердик тик учак кулап, эки учкуч каза болду

Дүйнө 114 13 Август 2026 16:30
images (2).jpg

Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. АКШнын Техас штатында AH-64 Apache аскердик тик учагы кыйрап, анын бортундагы эки учкуч каза болду. Бул тууралуу БЕЛТА CNN телеканалына таянуу менен билдирди.

Кырсык шаршемби күнү Саладо шаарынын аймагында, тик учак катталган Форт-Худ аскер базасына жакын жерде болгон. Аба кемеси талаага кулап түшкөндөн кийин өрт чыккан.

Өрт болжол менен 40 гектар аянтка жайылып, анын айынан бийлик жакынкы аймактардын тургундарын эвакуациялаган. Өрттү өчүрүүгө өзгөчө кырдаалдар кызматтары жана аскердик куткаруучулар тартылган.

Тик учактын кыйрашынын себептери жана анын учуу маршруту азырынча тактала элек.