Кочкор-Ата, 11.09.26 /Кабар/. ”Нефтчи“ футболдук клубу Кыргызстандын Премьер-лигасынын 23-турунда ”Азияголду“ 3:1 эсебинде жеңди.
Оюн бүгүн, 11-сентябрда Кочкор-Ата шаарындагы ”Нефтчи” стадионунда өттү.
Талаа ээлери үч гол киргизип, атаандашынан бир гол өткөрүп жиберди.
Белгилей кетсек, беттешке чейин ”Нефтчи” 26 упай менен турнирдик жадыбалда 11-орунда, ал эми ”Азиягол” 21 упай менен 14-орунда турган.