Ошто мекендештерин 3 млн сомго алдаган индиялык студент кармалды

Укук тартиби Загрузка... 23 Март 2026 16:50
WhatsApp Image 2026-03-23 at 16.29.32.jpeg
copyright icon Ош ШИИБ

Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ош шаарында "Нелегал" ыкчам иш-чарасынын алкагында ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген Индиянын жараны кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуган 22 жаштагы индиялык студент мекендештерине Индиянын улуттук валютасын (рупий) АКШ долларына алмаштырып берүүнү убада кылып, ири суммадагы акчаларын алдап алган.

"Учурда 9 жабырлануучудан арыз түшкөн. Алардан алынган акчанын эң азы 35 миң сомду, эң көбү 243 миң сомду түзөт. Жалпы келтирилген материалдык зыян 3 млн сомдон ашат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.