ИИМ: "Феникс" компаниясынын өкүлү ири алдамчылыкка шектелип кармалды

Укук тартиби Загрузка... 24 Март 2026 15:23
copyright icon ИИМ

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги ири өлчөмдөгү алдамчылыктын бетин ачты.

Ведомстводон билдиришкендей, милицияга Т.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "Феникс" компаниясынын өкүлү О.Н. аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Шектүү жарандын ишенимине кирип, "бир жыл ичинде кэшбэк алып берем" деген шылтоо менен анын 34 миң 500 сомун алып, изин жашырып кеткен.

Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган О.Н. кармалды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулардын саны 1000ден ашып, келтирилген чыгым 20 миллион сомго жетиши мүмкүн.

Учурда шектүүнүн үстүнөн 26 адам арыз жазган. Бирок жабыркагандардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Соттун чечими менен шектүү камакка алынды. Тергөө иштери улантылууда.

"Эгерде сиз дагы ушул сыяктуу алдамчылык аракеттерден жабыр тарткан болсоңуз, тезинен төмөнкү номурга кайрылыңыз: 0 702 717 308", — деп айтылат маалыматта.