Зыян 15 млн сом. ИИМ унааларды мыйзамсыз каттоо схемасын аныктады

Укук тартиби 22 июль 2025 17:10
520995104_1136015865214080_962492497652165685_n.jpg
520612671_1136015521880781_5121532954255867090_n.jpg
520911917_1136015841880749_1040558310057841433_n.jpg
521270799_1136015531880780_3766397257111952285_n.jpg
521581033_1136015858547414_8061128563791755783_n.jpg
521926722_1136015721880761_4863478916962051933_n.jpg
521965482_1136015555214111_6749564805821631361_n.jpg
522119430_1136015588547441_2757487441755210836_n.jpg
522649383_1136015715214095_4004791586328234114_n.jpg
522693342_1136015861880747_190062418183775186_n.jpg
523710526_1136015688547431_3079508176409163899_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 22.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз каттоо схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым кызмат адамдары кармалды. Алар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башка кызыктар жарандар менен алдын ала макулдашып, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз каттоо схемасын уюштурушкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанга Honda үлгүсүндөгү унааларын тетик түрүндө алып келишкен. Андан кийин жасалма документтердин негизинде толук кандуу транспорттук каражат катары мамлекеттик каттоого алынган. Шектүүлөр бул аракети менен белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качышкан жана мыйзамсыз пайда алышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 15 млн 677 миң 910 сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган О.А., 1984-жылы туулган Т.М., 1997-жылы туулган К.К., 1993-жылы туулган Ш.З., 1993-жылы туулган К.Ы., 1984-жылы туулган Т.Э. жана 1995-жылы туулган Р.У. кармалып, камакка алынды.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, кылмышка катышы бар башка адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.