Зинедин Зидан Франциянын футбол боюнча курамасын жетектейт

Дүйнө 29 июль 2026 08:55
Зинедин Зидан Франциянын футбол боюнча курамасын жетектейт

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.26. /Кабар/. Зинедин Зидан Франциянын футбол боюнча курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу катары расмий тааныштырылды. Бул тууралуу Kaзинформ BILD басылмасына шилтеме келтирип жазды.

Маалыматка ылайык, француз футболунун легендасы жана 1998-жылдагы дүйнө чемпиону бул кызматта 14 жыл иштеп, 187 беттеш өткөргөндөн кийин кызматтан кеткен Дидье Дешамдын ордуна келет.

Жаңы машыктыруучу өз милдетин расмий түрдө 1-сентябрдан тарта аткара баштайт. Анын келишими 2030-жылга чейин түзүлгөн жана команданы дүйнө чемпионатына жана Европа чемпионатына даярдоону камтыйт.