“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жолдун иши сыналууда

Туризм 01 Апрель 2026 11:40
659927519_122167881254633318_6158164373246933351_n.jpg
659479514_122167881152633318_7090272377931370754_n.jpg
660428770_122167881188633318_1940303616131125562_n.jpg
662584821_122167881146633318_4833764409571410276_n.jpg
Алдыга
Артка
659927519_122167881254633318_6158164373246933351_n.jpg
659479514_122167881152633318_7090272377931370754_n.jpg
660428770_122167881188633318_1940303616131125562_n.jpg
662584821_122167881146633318_4833764409571410276_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ала-Тоо Резорт

Бишкек, 01.04.26. /Кабар/. “Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жолдун кабиналары илинди. Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, асма аркан жолдун В1 жана В2 линияларында эми тесттик иштер жүргүзүлөт. Алар Австриянын Doppelmayr компаниясы тарабынан чыгарылган заманбап гондолдук кабиналар болуп саналат.

Кабиналар жогорку сапаты, ыңгайлуулугу жана эл аралык коопсуздук стандарттарына толук шайкештиги менен айырмалана тургандыгы айтылды.

Кабиналарды тесттик түрдө түрдө орнотуу адистерге бардык системаларды комплекстүү текшерүүгө мүмкүндүк берет. Атап айтсак, кыймыл механикасы, туруктуулук, асма жабдуулардын иштеши, ошондой эле коопсуздук жана башкаруу системалары каралат.

В1 жана В2 линияларындагы тесттик иштер асма аркан жолду ишке киргизүүдөн мурунку маанилүү этап болуп саналат жана жабдуулардын жүргүнчүлөрдү кабыл алууга даяр экенин тастыктайт.