Жылдын I жарымында "Кумтөр" компаниясынын таза кирешеси 13,3 млрд сомду түздү

Экономика Загрузка... 19 Июль 2025 12:54
504376319_152399339.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon "Кумтөр Голд Компани" ЖАК

Бишкек, 19.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын I жарымында "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн таза кирешеси 13,3 млрд сомго жетти, - деди компаниянын жетекчиси Бузурман Субанов металлургдардын кесиптик майрамын белгилөө учурунда.

Анын маалыматына караганда, салыштырмалуу былтыр ушул эле мезгилде бул көрсөткүч 9,6 млрд сомду, ал эми 2023-жылы 8,9 млрд сомду түзгөн.

Ал өткөн жылы өлкөнүн бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 16,1 млрд сом которулганын кошумчалады.