Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузган 109 факты аныкталып, мыйзам бузгандарга жалпы суммасы 600 миң сомго жакын административдик айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жайыттарды коргоо боюнча рейддик иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүп келет.
Рейддер министрлер кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө. Аталган токтомго ылайык, жайыттарга эндуро мотоциклдердин, квадроциклдердин жана башка автотранспорт каражаттарынын көзөмөлсүз кирүүсүнө тыюу салынган.
Белгиленгендей, ар кандай техниканын жайыттарга кириши чөп катмарынын бузулушуна, өсүмдүктөрдүн жабыркашына жана жердин табигый абалына олуттуу зыян келтирет.