Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын биринчи кварталында коррупцияга каршы күрөшүү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын чыгарды.
Ага ылайык, үч ай ичинде салык кызматкерлеринин үстүнөн 76 кайрылуу келип түшкөн. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында кызматтык тартипти бузгандыгы үчүн 53 кызматкер жоопкерчиликке тартылды.
Колдонулган жаза чаралары:
- эскертүү – 32;
- сөгүш жана катуу сөгүш – 18;
- кызматынан төмөндөтүү – 2;
- кызматтан бошотуу – 1.
Мындан тышкары, бир кызматтык иликтөөнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди. Ошондой эле жарандардын арыздарынын негизинде мыйзам бузган 46 салык төлөөчүгө айып пул салынды.
Салык кызматы жарандарды кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу (0312) 61-11-13 ишеним телефону же +996 (779) 613-189 WhatsApp номери аркылуу билдирүүгө чакырат.