Жыл башынан бери өлкөдө кызамыктан 8 бала каза болуп, 229 жаңы учур катталды - депутат

Жогорку Кеңеш Загрузка... 19 Март 2025 10:46
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.03.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамыктан 8 бала каза болуп, 229 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бул оорунун күч алып жатканына ата-энелер балдарын диний көз караштан улам эмдетүүдөн баш тартып жатканы себеп болууда.

“Урматтуу төрага, бул маселени жоюу максатында апрель айында министрлер кабинетинен маалымат алуу үчүн бул маселени күн тартибине киргизип берсеңиздер деп суранып кетет элем”, - деди Аида Исатбек кызы.