Жыл башынан бери кызамык оорусунан 2 бала көз жумду - министрлик

Ден соолук Загрузка... 06 Февраль 2025 12:00
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. 2025-жылдын башынан бери кызамык оорусунан 2 бала каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин иммунизациялоо боюнча журналисттер үчүн уюштурган иш-чарасында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, алардын бирөө 1 жашка чейинки куракта, бир учур 8 жашта болуп, жаш курагы жете электигине жана профилактикалык эмдөөдөн баш тарткандыгына жараша эмделген эмес.

Белгилей кетсек, эки учур тең Бишкек шаарында катталган.

Эскерте кетсек, 2024-жылы кызамык оорусунан эмдөөдөн өтпөгөн 4 жашка чейинки 5 бала каза болгон.