Жыл башынан бери Байконур космодромуна 11 миң турист барган

Борбор Азия Загрузка... 03 Апрель 2025 21:39
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Байконур космодромуна 11 миң турист барган. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.

Казакстандын Кызылорда облусунун дене тарбия, спорт жана туризм башкармалыгынын маалыматы боюнча, акыркы жылдары космодромго кызыккандардын саны өсүүдө. Өткөн жылы Байконур комплексине 10 миңден ашык турист, ал эми 2023-жылы – 9 миңден ашык турист келген.

Агенттик белгилегендей, соңку жылдары Байконур шаарынын туристтик саясатын жогорулатуу максатында конкреттүү чаралар көрүлүүдө.

“Өткөн жылдын ноябрь айында ракета учурулган учурда космодромдун тарыхында Аэрокосмикалык өнөр жай комитети уюштурган боз үй түрүндөгү биринчи казакстандык байкоо пункту ачылган.

Ошондой эле Байконур космодрому 2023-2029-жылдарга концепциянын алкагында Казакстандын туризм тармагын өнүктүрүү боюнча ТОП-20 тизмесине киргизилген”,-деп айтылат маалыматта.