Журналисттер коомдогу түздөн-түз тил саясатын алып жүрүүчүлөрдүн бири - Казаков

Коом Загрузка... 18 Июнь 2025 15:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Журналисттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу максатында "Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын орду" аталган окутуу Улуттук тарых музейинде өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган иш-чарага журналисттер, редакторлор жана серепчилер катышып, кыргыз тилинде материал даярдоодо туура жазуу, башка тилден сапаттуу которуу, текстте айта турган ойду толук жеткирүү сыяктуу журналистика тармагындагы көйгөйлүү темалар көтөрүлдү.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган иш-чарада композитор, публицист Түгөлбай Казаков "Медиа жана тил саясаты: кыргыз тилин өнүктүрүүдө журналистиканын ролу" темасында баяндама жасап, журналисттин сөз маданияты, жоопкерчилиги жана таасири тууралуу өз пикирин билдирип, кыргыз тилиндеги журналисттик тексттердин стили жана логикасындагы көйгөйлөрго токтолду.

Анын айтымында, журналисттер коомдогу түздөн-түз тил саясатын алып жүрүүчүлөрдүн бири.

“Журналисттер тил саясатын кандай алып жүрсө, элге ошондой жетет. Тилдин тагдырына жалпыга маалымдоо каражаттары да таасир бергендиктен, журналисттердин жоопкерчилиги бийик болуш керек. Жоопкерчилик мурда эле төмөн болчу, азыр эми интернет чыккандан кийин журналисттердин жоопкерчилиги сөз эркиндиги дегенден улам дагы төмөндөп кетти. Сөз эркиндиги, адам укугунун тарыхына кызыгып карап койсоңуздар. Ошондой эле журналистикадагы тил маданиятын көтөрүү бирден-бир маселе. Тил маданиятын көтөрүү үчүн журналисттердин көкүрөктөгү көрөңгөсү толук болушу зарыл. Ал үчүн адабий китептерди журналисттер көп окуп, андагы сүйлөмдөрдү колдон келишинче эстеп калуу абзел”, - деп белгиледи Казаков.

Баяндамачы өз сөзүндө журналисттик кесиптин кемчилиги катары жарым-жартылай кыргызча сүйлөө экенин да маалымдады.

Ал эми филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева медиатекст жазууда эске ала турган турган төмөнкү жагдайларга токтолду.

  • адабий тил аркылуу ойду бийик жана кооз жеткирүү
  • тилдин тазалыгын сактоо – улуттук баалуулуктарды даңазалоо
  • аралаш тилден качуу, кыргыз тилин таза жана нукура колдонуу.

Белгилей кетсек, окумуштуу жеке практикасынан мисал келтирип, филолог же башка гуманитардык илимдер багытындагы эмес, тескерисинче так илимдер тармагындагы адистер текстти таамай, так жазышары байкалганын айтты. Андан тышкары, баяндамасында журналисттер үчүн материал даярдоодо зарыл болгон жөнөкөй бирок, маанилүү көндүмдөргө токтолду.

“Сөздүн күчү: журналистиканын тили жана коомдук пикир” деген баяндама менен чыккан “Тилимпоз” долбоорунун негиздөөчүсү Тилек Мирлан маалымдоо каражаттарында кыргыз тилинде сүйлөмдөрдү туура эмес түзгөн айрым учурларга журналисттердин көңүлүн бурду. Мында негизинен тексттер орус тилинен сөзмө-сөз которулуп жатканы көйгөй катары белгиленди. Ошону менен бирге социалдык тармактарда кыргыз тилдүү мазмунга чоң кызыгуу жаралып жатканына байланыштуу кыргыз тилдүү журналисттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында уюштуруучулар “Медиа мектеп" долбоорунун алкагында маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн мындай окуу ай сайын өткөрүлүп турарын маалымдашты.