Жумаканов: Туризм тазалыктан башталат — ар бир жерде ыңгайлуу шарт болушу керек

Туризм Загрузка... 17 Ноябрь 2025 16:30
WhatsApp_Image_2025_3D6eJs1.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Ыңгайлуу санитардык жайлар туризм инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат жана өлкөнүн туристтер үчүн жагымдуулугуна түздөн-түз таасир этет. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун Эл аралык кызматташтык жана туризмди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Дамир Жумаканов «Биринчи радионун» эфиринде Rest Point долбоору жөнүндө айтып жатып билдирди.

Анын айтымында, туристтик маршруттардын боюнда ыңгайлуу санитардык жайларды түзүү туризмди, айрыкча кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү экенин билдирди.

«Театр кийим илгичтен башталат дешет, ал эми туризм болсо дааратканадан, шарттардан жана инфраструктурадан башталат. Биз куруп жаткан Rest Point туристтик жагымдуу аймактарда комфортту камсыз кылууга багытталган. Быйыл 10 мындай пункт ишке берилди», — деди Жумаканов.

Ал туристтер үчүн сапаттуу санитардык жайлардын маанилүү экенин, алар жайкысын салкын, кышкысын жылуу болушу керектигин белгиледи. Бирок көптөгөн популярдуу аймактарда азыркы заманбап ыңгайлуулуктар жок.

"Алар боз үй шаарчаларын куруп, атайын жайларды жасап жатышат, ал эми алардын дааратканалары чатыры бар эки тактайдан гана турат. Бул чет элдик туристтер үчүн өтө стресс жаратат. Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер аялдары менен балдарын алып келбей жатышат, анткени барчу даараткана жок деп бизге айтып беришкен», — деди ал.

Rest Point долбоорунун ишке кириши башка структураларды да инфраструктура түзүүгө тартууга түрткү болду. Мисалы, Дүйнөлүк банк Ысык-Көлдө беш туристтик маалымат борборун курууну каржылады, ал эми өлкөнүн түштүгүндө дагы үч Rest Point АРИС аркылуу курулат.

Ал долбоор азырынча биринчи баскычта экенин, баштапкы максат — 58 санитардык пункт куруу экенин белгиледи. Азыр фонд бизнести жана каржылык институттарды тартуу менен альтернативдүү моделдерди карап жатат.

Мисал катары Таластагы абалды келтирди.

«“Манас Ордо” комплексинде биздин Rest Point ачылууга даяр болчу, бирок комплекс реконструкцияга жабык. Ал ачылган соң Rest Point да ишке берилет», — деп маалымдады Жумаканов.

Туризмди өнүктүрүү фонду заманбап санитардык инфраструктураны түзүү — өлкөдө кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана жыл бою туризмди өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы экенин белгилейт.