"Жооптуу бол". Өлкө аймагында эркектердин ден соолугу акысыз текшерилүүдө

Ден соолук Загрузка... 17 Февраль 2025 14:00
WhatsApp Image 2025-02-17 at 10.21.46.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен февраль айында өлкө боюнча эркектер мамлекеттик ооруканаларда медициналык текшерүүдөн акысыз өтүүдө. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек шаарындагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Кымбат Эшенова билдирди.

Анын айтымында, буйруктун негизинде 1-февралда "Жооптуу бол" бир айлыгы башталып, эки аптанын ичинде №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда 5 миң киши кароодон өттү.

“Аталган акциянын негизги максаты -18 жаштан өйдө мырзалардын ден соолугун кароо. Мындай саамалык эркектер арасында жугуштуу эмес ооруларды, тагыраагы жүрөк-кан тамыр оорулары, рак, өпкө оорулары жана кант диабети ооруларын алдын алуу, дартты убагында аныктап, дарылоого багытталган. Медициналык текшерүүнүн натыйжасында ар кандай оорулардын алдын алууну көздөп жатабыз. Баарыбызга маалым болгондой, мырзалар, апасынын, жубайынын жана балдарынын ден соолугун карап, көп учурда өздөрүнүн саламаттыгына анча маани беришпейт. Ошондуктан жер-жерлерде "Жооптуу бол" бир айлыгынын алкагында эркектерди акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Бардык мырзалар мартка чейин бул кызматтан пайдалана алышат. Мындай кадам менен оорулардын күчөп кетишин алдын ала аласыздар", - деди ал.

Ошондой эле дарыгер, мырзалардын көбү ден соолугун чың деп ойлой турганын, бирок текшерүүдөн өткөндөн кийин бир канча оору бар экенин билишерин кошумчалады.