Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Дүйнө жүзүндө бир миллиарддан ашык адам темир жетишсиздигинен жабыркайт. Бирок анын белгилери башка ооруларга окшош болгондуктан, көп учурда өз убагында аныкталбай калат. Бул тууралуу Euronews басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, темир организм үчүн зарыл минералдардын бири. Ал кандагы гемоглобиндин пайда болушуна катышып, кычкылтектин өпкөдөн дененин бардык бөлүктөрүнө жетишин камсыздайт. Ошондой эле булчуңдардын иштешине, энергиянын бөлүнүп чыгышына, иммундук системанын ишине жана мээнин өнүгүшүнө жардам берет.
Организмде темир жетишсиз болгондо адам бат чарчап, көңүлүн топтой албай, алсыроого дуушар болушу мүмкүн. Бирок айрымдарда эч кандай белгилер байкалбайт. Убакыт өткөн сайын темирдин запасы азайып, бул темир жетишсиздик анемиясына алып келиши мүмкүн. Мындай учурда кан организмге жетиштүү көлөмдө кычкылтек жеткире албай калат.
Оксфорд университетинин биологиялык темир боюнча профессору Хэл Дрейксмиттин айтымында, темир жетишсиздиги адамдын жашоо сапатына олуттуу таасир этет. Ал темир организмге энергия алуу үчүн да зарыл экенин белгилеген.
Темир жетишсиздигине көбүнчө өспүрүм кыздар, айызы көп келген аялдар, кош бойлуулар, ымыркайлар жана балдар кабылышы мүмкүн. Бул топтордо организмдин темирге болгон муктаждыгы жогору болот. Ошондой эле эт жана темирге бай азыктарды аз колдонуу, тез-тезден кан тапшыруу да анын жетишсиздигине себеп болушу мүмкүн.
Улгайган адамдарда бул абал ичегидеги кан кетүүдөн же өнөкөт оорулардан улам пайда болушу ыктымал. 2022-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө улгайган адамдар арасында да темир жетишсиздиги кеңири таралганы аныкталган. Айрыкча 80 жаштан өткөндөр тобокелдикке көбүрөк кабылган.
Адистердин айтымында, темир жетишсиздигин аныктоо дайыма эле оңой эмес. Себеби, ал акырындап өнүгүп, алгачкы белгилери билинбей калышы мүмкүн. Мындан тышкары, көп учурда кан анализинде гемоглобиндин деңгээли гана текшерилет. Ал эми гемоглобиндин төмөндөшү организмде темирдин азайышынын кеч байкалуучу белгиси болуп саналат.
Ирландиядагы Корк университеттик колледжинин тамактануу боюнча улук окутуучусу Элейн Маккарти темир жетишсиздигин эрте аныктоо үчүн гемоглобин менен катар ферритиндин деңгээлин да текшерүү зарылдыгын белгилеген. Ферритин — организмдеги темирдин запасын сактоочу белок. Анын деңгээли темир жетишсиздигинин алгачкы баскычтарын аныктоого жардам берет.
Быйыл сентябрда Американын гематология коому темир жетишсиздигин аныктоо боюнча жаңы клиникалык сунуштарын жарыялаган. Анда чоң кишилерде, кош бойлуу аялдарда жана айызы келген аялдарда кандагы ферритиндин деңгээли литрине 30 микрограмм же андан төмөн болсо, темир жетишсиздиги катары кароо сунушталган. Буга чейин бул көрсөткүч 15 микрограммды түзүп келген.
Ошол эле учурда адистер ферритиндин көрсөткүчү дайыма эле так маалымат бере бербестигин эскертишет. Мисалы, өнөкөт бөйрөк оорулары сыяктуу сезгенүү менен коштолгон ооруларда ферритиндин деңгээли нормалдуу же жогору болушу мүмкүн. Бирок ага карабастан организмде темир жетишсиз болушу ыктымал.
Темир жетишсиздигин аныктап, анын себебин жоюу менен темир кошулмалары аркылуу дарылоого болот. Бирок мындай препараттар айрым адамдарда ич катуу жана ичтин оорушу сыяктуу терс таасирлерди жаратышы мүмкүн.
Адистер темир препараттарын дарыгердин көрсөтмөсүсүз ичпөөгө чакырышат. Анткени организмде темирдин ашыкча топтолушу да ден соолукка коркунуч жаратат. Айрыкча темирдин жогорку дозасы балдар үчүн өмүргө коркунучтуу болушу мүмкүн.