Тубаса ооруларды эрте аныктоо: “Үмүт” программасы качан ишке кирет?

Ден соолук
Тубаса ооруларды эрте аныктоо: “Үмүт” программасы качан ишке кирет?
copyright icon каармандын өздүк архивинен

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Өлкөдө кош бойлуу аялдарды текшерүү системасын жакшыртууга багытталган “Үмүт” программасы ишке ашырыла баштады. Анын алкагында түйүлдүктөгү тубаса кемтиктерди эрте аныктоо үчүн пренаталдык скрининг киргизилип, 2030-жылга чейин балдардын майыптыгын 15 пайызга кыскартуу максаты коюлган.

Программаны ишке ашырууга 2 млрд 853 млн сом бөлүндү. Анын алкагында атайын борборлорду түзүлүп, адистер даярдалат. Учурда кандай иштер жүргүзүлүп жатканын Медицина илимдеринин кандидаты, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы педиатры Гүлнара Жумагулова айтып берет.

Тубаса ооруларды эрте аныктоо: “Үмүт” программасы качан ишке кирет?

Башкы педиатрдын айтымында, тубаса өнүгүү кемтиктерин эрте аныктоодо пренаталдык скринингдин мааниси чоң. Ал түйүлдүктүн эненин курсагында өсүп-өнүгүүсүн текшерип, жүрөк, мээ, омуртка, бөйрөк жана башка органдардагы мүмкүн болгон кемтиктерди өз убагында аныктоого жардам берет.

"Президенттин жарлыгы менен аталган программа бекитилди. Бул — бир катар багыттарды камтыган чоң долбоор болуп саналат. Анда алдыдагы иштердин планы, ишке ашыруу жолдору жана негизги милдеттер белгиленген. Азыркы учурда программаны ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүүдө. Алгач бир катар нормативдик-укуктук документтерди иштеп чыгуу милдети турат. Анын ичинде кош бойлуу аялдарды алыскы райондордон тартып улуттук лабораторияга жана борборго чейин жеткирүү тартибин башкача айтканда, текшерүүдөн өтүү жол-жобосун тактоо керек. Ошондой эле тиешелүү стандарттарды, буйруктарды, окутуу программаларын жана керектүү жабдууларга коюлуучу талаптарды иштеп чыгуу тапшырмасы бар.
Мындан тышкары, кадр маселеси да турат. Өлкөдө программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон адистер жетишсиз. Айрыкча генетиктер жана цитогенетиктер жокко эсе. Ошондой эле биохимиялык анализдерди жүргүзө турган лаборатория кызматкерлери, эл аралык талаптарга жооп берген ультраүндүк изилдөө (УЗИ) адистери керек. Алар атайын окуудан өтүп, сертификациядан өтүшү зарыл. Ошондуктан аларды даярдоо зарылчылыгы актуалдуу. Ушуга байланыштуу коңшу өлкөлөр, анын ичинде Казакстан жана Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар биздин адистерди даярдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Анткени алар бул тармакта бизден алдыда жана пренаталдык скринингди мындан 10 жыл мурда эле киргизишкен.
Андан сырткары, бул багытта колдонулуучу УЗИ аппараттары жогорку деңгээлде болуп, жасалма интеллектке негизделген программалар менен жабдылышы керек. Аларды чет өлкөлөрдөн алып келүү пландалууда. Учурда жабдуулар орнотула турган медициналык мекемелер да аныкталууда”, - деди Жумагулова.

Башкы педиатр белгилегендей, программанын алгачкы этабын Бишкек шаарында пилоттук негизде баштоо каралган. Долбоордун планына ылайык, даярдык иштерин 2027-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.

“Учурда кайсы жерден жана кандай тартипте баштоо керектиги боюнча буйруктун долбоорун даярдап жатабыз. Министр кол койгондон кийин тиешелүү иштер башталат. Менин болжолум боюнча, пилоттук негизде ал 2027-жылдын март айларында ишке кирет”, - деп кошумчалады ал.

Жумагулованын билдирүүсүнө ылайык, программа толук ишке киргенден кийин кош бойлуу аялдар үчүн скринингден өтүү милдеттүү болот. Текшерүү акысыз жүргүзүлөт.

Борборлор алгач Бишкек шаарында ачылып, кийин башка аймактарга жайылтылат. Ошондой эле борбор калаада негизги координациялык мекеме болот. Эгер аялдын кош бойлуулугу учурунда эч кандай патология аныкталбаса, текшерүүдөн жашаган жериндеги же аймактык борбордон өтөт. Ал эми кандайдыр бир тобокелдиктер болсо, Бишкекке жөнөтүлүп, кошумча текшерилет.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстанда тубаса өнүгүү кемтиктери менен 2 миң 844 ымыркай төрөлгөн. Мындай патологиялар ымыркайлардын өлүмүнө алып келген учурлардын 15,8 пайызын түзгөн. Учурда өлкөдө тубаса кемтиктери бар 18 миңден ашык бала жашайт.