Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Балдар нейрохирургия бөлүмүнө заманбап автоматташтырылган краниотом аппараты алынды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, краниотом аппараты нейрохирургиялык операция учурунда баш сөөгүн ачуу үчүн колдонулат. Ал сөөктү дарыгер белгилеген өлчөмдө жана багытта так кесүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Жаңы аппарат операциянын тактыгын жогорулатып, дарыгерлердин ишин жеңилдетет. Ошондой эле баш сөөгүн ачуу учурунда сөөк бөлүгүн мүмкүн болушунча бүтүн сактоого жана операциядан кийин аны кайра ордуна коюуга жардам берери айтылат.