Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык колдоо көрсөтүү узакка созулган дарылоо учурундагы эмоционалдык оорчулукту жеңүүгө жардам берет. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үй-бүлөлөр психологдун жардамын ала турган психологиялык реабилитация борборлору иштейт. Бул тууралуу аталган оорукананын онкопсихологу Айжамал Исамидинова "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, онкологиялык диагноз коюу бала үчүн гана эмес, бүтүндөй үй-бүлө үчүн оор эмоционалдык сокку болуп саналат. Ошондуктан психологдун иши дарылоо учурунда балдарды, ата-энелерди жана баланы коштоп жүргөн жакындарын колдоого багытталган.
"Бала балдар онкологиясына келгенде, ата-эне үчүн да, бала үчүн да бул чоң стресс. Биз ата-энелер жана балдар менен кеңири иш алып барабыз. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда гематология бөлүмүндө жана балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүндө эки психологиялык реабилитация борбору бар", - деди Исамидинова.
Психологиялык реабилитация кабинеттеринде балдар менен иштөө үчүн шарттар түзүлгөн. Ал жерде китептер, оюнчуктар, сүрөт тартууга жана пластилинден буюм жасоого керектүү материалдар бар. Дарылоо учурунда жана бош убакта балдар чыгармачылык менен алектенип, китеп окуп, оюн ойной алышат. Бул аларга оорукананын шарттарынан бир аз алаксып, эмоционалдык чыңалуусун азайтууга жардам берет.

Психолог ата-энелер менен да иш алып барып, алар өздөрүнүн тынчсызданууларын, коркууларын жана башынан өткөргөн сезимдерин бөлүшө алышат.
Исамидинованын айтымында, ата-энелердин эмоционалдык абалы баланын дарылоо процессин кандай кабыл алышына да таасир этет. Ошондуктан адис энелерге жана башка жакындарына өзгөчө көңүл бурат.
"Мен дайыма “бактылуу эне — бактылуу бала” деп айтам. Кээде кичинекей балдар эмне үчүн ооруканада жатканын түшүнүшпөйт, ошондуктан эне менен иш алып барабыз. Эне тынч болуп, ишенимге жана колдоого ээ болгондо, балага да ишеним берип, кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бере алат", - деп белгиледи ал.
Исамидинова психологияны эки башка билим алгандан кийин тандаганын айтып берди. Анын сөзүнө караганда, психологиялык билим өзүн жакын сезген жана жан дүйнөсүнө туура келген кесипти табууга мүмкүнчүлүк берген.
Ал балдар онкологиясындагы иш үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүнү, эмоционалдык туруктуулукту жана ар бир үй-бүлөгө жекече мамиле кылууну талап кыларын белгиледи. Ошол эле учурда психологдор да эмоционалдык чарчоого кабылып, өздөрүн калыбына келтирүүгө муктаж болушат.

"Мен өз ишимди жакшы көрөм. Кесибиңди сүйүп, ага жан дүйнөңдү арнасаң, убакыттын кандай өткөнүн байкабай каласың. Балдар онкологиясындагы иш мага, тескерисинче, энергия берет. Албетте, эмоционалдык чарчоо болот. Ошондуктан калыбына келүү, үй-бүлө менен убакыт өткөрүү, жаратылышта болуу маанилүү", — деп бөлүштү психолог.
Анын айтымында, ишиндеги эң чоң кубаныч — балдардын дарыланып, ден соолугу жакшырып, үйүнө кайтып жатканын көрүү. Ал баланын жана анын үй-бүлөсүнүн дарылоо жолунда медициналык жардам менен катар колдоо, көңүл буруу жана камкордук да дайыма болушу керек деп эсептейт.
Нестан Ибраева