Жол эрежесин бузуу: Бир жумада 24 миңден ашык учур катталды

Укук тартиби Загрузка... 15 Сентябрь 2025 10:10
WhatsApp_Image_2025_jaiGqpx.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Кыргызстанда 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 220 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 660;
  • мас абалында унаа башкаруу – 342;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 186;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 100;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 942;
  • авто ээнбаштык – 23;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 461;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 020;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 484  унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.