Бишкек, 15.10.25. /Кабар/. Жол боюнча кеңеш - 2025 жыйынынын алкагында катышуучулар жана ЖМК өкүлдөрү үчүн ДЕПО-2 аймагына экскурсия уюштурулду.
Алгачкылардан болуп Бишкектин 2050-жылга карата жаңы Башкы планын иштеп чыгуучулар – Санкт-Петербургдагы Шаарды өнүктүрүү илим-изилдөө институтунун адистери өз сунуштарын беришти.
Долбоордун башкы архитектору Ирина Гришечкина жана транспорт боюнча эксперт Вера Фролкина өздөрүнүн кеңири изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы менен тааныштырышты.
Адистер шаардын 36 негизги пунктунда жол кыймылынын агымы боюнча сурамжылоо жүргүзүп, 3000ден ашык социологиялык сурамжылоо анкеталарын карап чыгышкан.
Эксперттер белгилеген негизги көйгөйлөр:
- Унаа жолдорунун 40%ы заманбап талаптарга жооп бербейт,
- Борбордук көчөлөрдүн 85%да тыгын,
- Түндүк–Түштүк багытындагы байланыш темир жол кесилиштеринен улам татаалдашкан.
- Унаага ээлик кылуу деңгээли 1,5 эсеге өстү — учурда миң тургунга болжол менен 330 унаадан туура келет.
Эмне сунушталат:
Иштеп чыгуучулар шаарды сырткы айланып өтүүчү жолдон, борбордун айланасында шакек жолдон жана кошумча жолдордон турган радиалдуу-шакек система түзүүнү сунушташат, бул жолдор транспорт агымдарын туура бөлүштүрүүгө жардам берет.
Негизги максат – борборду транзиттик транспорттон бошотуп, коомдук транспорттун артыкчылыгын жогорулатуу.
Коомдук транспорт бүгүн:
- Аны жашоочулардын 36%ы гана колдонот.
- Автобустардын 87%ы толуп, орточо ылдамдыгы 10 км/саат,
- Жолдо жүрүү убактысы нормадан 63% ашат,
- 2000 гектар шаар жерлери коомдук транспортко кирбей калууда. Башкы план төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- 28 километр темир жол линияларын курууга,
- 63 км трамвай линияларын салуу,
- 68 км коомдук транспорт тилкелерин бөлүп берүү,
- 19 транспорттук алмашуу түйүндөрүн түзүү.
Күтүлгөн жыйынтыктар:
- Коомдук транспортто жүрүү 54% өстү,
- Жеке унааларды колдонуу 1,5 эсеге кыскарды,
- Тургундардын 100% коомдук транспорт менен камсыз болот,
- 60% жогорку ылдамдыктагы транспортту колдоно алат.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында аэропортту кеңейтүү, айланып өтүүчү жолдорду (183 км темир жол жана 89 км унаа жол), 224 км жаңы унаа жолдорун жана тогуз эстакадалык жолду куруу, велосипед тармагын өнүктүрүү кирет.