Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттар канча айлык аларын айтты

Коом Загрузка... 04 Март 2026 12:02
-------------------_3qCOvui.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутаттар канча айлык аларын айтып берди. Бул тууралуу ал "Акчабар" агенттигине берген маегинде билдирген.

Анын айтымында, эл өкүлдөрүнүн эмгек акысы айына 100 миңден 150 миң сомго чейин түзөт.

Мындан тышкары, ал ар бир депутаттын 80 миң сомдук фонду бар экенин белгиледи. Бул каражат канцеляриялык товарларга, өкүлчүлүктүн чыгымдарына жана айдоочунун айлык акысына жумшалат.