ЖК депутаты Бакуда өткөн Азия парламенттик ассамблеясынын отурумуна катышты

Жогорку Кеңеш 5922 21 Февраль 2025 13:00
baku_29.png
480921263_947860610860495_6969245726184030163_n.jpg
480600043_947860617527161_4988860897424216280_n.jpg
480550259_947860620860494_5862696788304099660_n.jpg
Алдыга
Артка
baku_29.png
480921263_947860610860495_6969245726184030163_n.jpg
480600043_947860617527161_4988860897424216280_n.jpg
480550259_947860620860494_5862696788304099660_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.02.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов 17-21-февралда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өткөн Азия парламенттик ассамблеясынын (АПА) 15-пленардык сессиясына катышты.

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, АПАнын 15-пленардык сессиясынын ишине 30дан ашык мамлекеттин парламенттеринин өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө парламенттик дипломатия, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономикалык жана социалдык туруктуулукту бекемдөө, саясий диалогду тереңдетүү, ошондой эле Азия аймагындагы экологиялык коопсуздук жана климаттын өзгөрүүсү жаатындагы маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, жыйындын негизги темасы «Азияда көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөөдө парламенттик дипломатиянын ролу» болуп, анда социалдык жана маданий маселелер, бюджет жана пландоо, экономикалык жана туруктуу өнүгүү, саясий маселелер боюнча туруктуу комитеттердин баяндамалары угулду.

Жыйынтыгында АПАнын 15-пленардык сессиясынын Баку декларациясы кабыл алынды.