Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Жыл башынан тартып алты ай ичинде, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жалпысынан 594 миң 887 жол эрежесин бузган айдоочулар аныкталган. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББ маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.
Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 8 миң 112 айдоочу;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 93 миң 365 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 3 миң 649 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 21 миң 162 айдоочу;
-Автоээнбаштык жасаган 541 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 291 миң 179 айдоочу;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 81 миң 479 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Бул жол эрежелерин бузган айдоочулар тарабынан 6 айда мамлекеттик бюджетке 427 млн 600 миңден ашуун акча каражат өндүрүлгөн.